"Келинчегим да өнөр адамы, ал баарын түшүнөт" дейт "Теңим бар" ырынын автору Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" тобунун жетекчиси, обончу, төкмө акын Максат Кулуев.
"Ырымдын тарбиялык мааниси үй-бүлөнү сактоо. Мисалы, келинчегиң менен жашап жүрүп деле башка бирөөнү сүйүп калган учурлар болуп калса, баарын жыйыштырып коюп кетип калган да туура эмес. "Торгойдой уямды буза албайм, Томогом сыйрып уча албайм, эми сен эмне дегиң бар" деп, сезимиңди сактап жүрсөң жүрө бер. Бирок үй-бүлөңдү бузба дегендей мааниде жазгам. Биринчи обону жаралды, анан сөзү. Эң биринчи угарманым - келинчегим. Ал баарын түшүнөт, өзү дагы чыгармачыл инсан. "Учур" театрында 10 жылдан ашуун иштеди", - дейт Кулуев.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.