Йеменде балыкчылар киттин өлүгүнөн кымбат баалуу зат табышты. Баасы асман чапчыйт

Йеменде балыкчылар тобу Аден булуңунда өлгөн киттердин сөөгүнөн кымбат баалуу Амбра затын таап алышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, балыкчылар өлгөн киттерди жээкке алып чыгышкан. Алар киттердин бирин сойгондо ичинен кымбат баалуу Амбра заты чыккан. Табылган затты балыкчылар бир жарым миллион долларга саткан. Алар каражатты тең бөлүшүп, үй, унаа, кайыктарды алып, калганын жакыр жашаган үй-бүлөлөргө бөлүп берген.

Амбра заты киттин ичегисиндеги былжыр челинин дүүлүгүүсүнүн натыйжасында пайда болот. Киттерди өлтүрүүгө тыюу салынгандыктан бул затты өлүк киттерден же кокустан деңиздин жээгинен табууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
souza.j
2021-06-03 21:13:04
Омееей
+2
Gulina90
2021-06-03 21:14:40
Ии мынча зор
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан