
АКШда 56 жаштагы аял турмушка чыккандан көп өтпөй күйөөсүнүн мурунку жубайына донор болуп бөйрөктөрүн берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, АКШнын Флорида штатында жашаган 56 жаштагы аял турмушка чыгып, үлпөт той өткөндөн кийин күйөөсүнүн мурунку аялына бөйрөктөрүн берген. 59 жаштагы аял бөйрөк оорусу менен көптөн бери күрөшүп келген. 2020-жылы күзүндө ооруканага барып текшерүүдөн өткөндө бөйрөктөрүнүн сегиз пайызы гана иштээри аныкталган.