Тойгонбай Абдыкаров Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин бул кызматта Садыр Жапаровдун жактоочусу Акин Токталиев иштеп келген. Ал февраль айында кызматынан бошотулган.