ЖЫЛНААМА, 4-ИЮНЬ: Баястан туулган күнүн Нарында өткөрмөй болду

Бүгүн, 4-июнда рэп аткаруучу Баястан 28 жашка толду. SUPER.KG порталы Баястанды туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкты.

"Туулган күнүм түндө эле башталган. Жубайым Зульфия кызым экөө сюрприздерди жасап куттукташты.
Азыркы учурда маанайым жакшы. Нарынга "НотаФест" деген фестивалга калыс болуу үчүн бара жатам. Жашың өткөн сайын туулган күнгө өтө деле маани бербей калат экенсиң"
, - дейт ал.

Баястан Ботоканов 1993-жылы 4-июнда Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Орус Славян университетине окууга тапшырган.

Алгач 2008-жылы сахналаш досу Бегиш менен биргеликте "Керексиң мага" ыры менен чыгып, элге тааныла баштаган. Учурда ырчынын репертуарында "Математика", "Эркелеп", "Жарашат", "Ойбой" жана башка ырлары бар.

2018-жылы 11-августта бийчи Зульфия Лансаровага баш кошкон. Учурда түгөйлөрдүн 2 жаштагы Наринэ аттуу кызы бар.

4-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан