Ысык-Көл облусунун Түп районунда 39 жаштагы жергиликтүү тургун киши колдуу каза болду. Маалыматты SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 3-июнь күнү милицияга аталган аймактын Кудургу айылында кан болгон абалда кишинин сөөгү жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Тергөө тобу окуя болгон жерге барып, жансыз денеге кароо жүргүзгөндө анын сабалып, ур-токмоктон улам каза болгону аныкталган. Каза болгон жарандын аты-жөнү такталып, 39 жаштагы жергиликтүү тургун экендиги белгилүү болгон. Учурда бул кылмышка шектүүнүн аты-жөнү такталып, изделүүдө", - деп билдиришти облустук милициядан.