Шаар мэри, жергиликтүү депутаттар кичи автобуска отурсун. Бул тууралуу брифинг учурунда "Peshcom" коомдук демилге фондунун негиздөөчүсү Рада Валентина кызы айтты.
Анын айтымында, кичи автобустарда жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн эмес.
"Бүгүнкү күндө калктын 90 пайызы маршруттук такси менен жүрөт. Бул дегени шаардык кеңеш өз ишин мыкты аткарбай жатат дегендик.
Кичи автобустар адамдар үчүн көп ыңгайсыздыктарды жаратат. Мисалы, велосипедди, балдардын коляскаларын киргизе албайсың. Кээде кичи автобус менен кетип бара жатып, шаар мэри, жергиликтүү депутаттар дагы түшсө дейсиң. Себеби кичинекей люктан аба дагы жакшы кирбейт. Мына ушундай шартта кичинекей балдар дагы түшөт", - деди "Peshcom" коомдук демилге фондунун негиздөөчүсү Рада Валентина кызы.
Бүгүн, 4-июнда Бишкек шаарында маршруттук таксинин айдоочулары жол кире акысын көтөрүү талабы менен каттамга чыкпаганына 3 күн болду.
Учурда калаада троллейбустар жана автобустар тургундарды ташууда.