Баткен облусунда өспүрүм кыз сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 4-июнь күнү саат 10:59 чамасында Баткен шаарынын Батырханов чоң каналына 2010-жылы туулган кыз сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Кырсык болгон жерге ӨКБдан 11 куткаруучу тартылган. Каза болгон кыздын жансыз денесин суудан алып чыгып, туугандарына өткөрүп берилген.