Роман Петров Олимпиада оюндарына даярдык көрүп жатат

XXXII жайкы Олимпиада оюндарына, ошондой эле эл аралык мелдештерге ийгиликтүү даярдык көрүү максатында Кыргыз Республикасынын фехтование боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ысык-Көл облусунда окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйын 31-майда старт алып, 21-июнга чейин уланат.
Курама команданын мүчөлөрү:
1. Роман Петров, ЭДСЧ;
2. Нурлан Кулуев, СЧ;
3. Назар Маткеримов, СЧ;
4. Данил Миркун, СЧ;
5. Илим Бакытбек уулу, СЧ;
6. Жоодат Есеналиев, СЧТ;
7. Валерий Карякин – улук машыктыруучу.
Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2021-жылга карата окуу-машыгуу жыйындарынын календардык планына ылайык өткөрүлүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан