Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Кыргыз өлкөсүндөгү мамлекеттик чек ара тууралуу тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, Тажикстан макулдашылган линияда экендиктерин айтышкан.
"Кыргыз жана Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы делимитация жана демаркация маселеси боюнча жалпы 986,7 чакырым, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасы 519 чакырым деп жазылган. Мында бөлүнө элек Шатты ашуусу бар.
Буга байланыштуу аталган тилкеде делимитация иштерин аягына чыгаруу үчүн топографиялык жумушчу топко иш тапшырылган.
Мындан улам тажик тараптын аскер кызматкерлери абалды көзөмөлдөп турат", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Кыргыз өлкөсү Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булактагы Кыргыз-Тажик чек ара тилкесинде абал курчуганы маалымдалган. Анда саат 06:00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алыстап кетишкени жазылган.