Ош облусунда эркек киши сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Кара-Кысмак айылындагы Араван каналына 1962-жылы туулган К.А. аттуу эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар чөгүп кеткен жарандын жансыз денесин суудан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.