Жеңилбес америкалык атактуу мушкер Флойд Мейвезер UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Конор Макгрегор менен кайрадан беттеш өткөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
"Мен аны менен кайрадан беттешке чыгууга даярмынбы? Албетте, ал мен үчүн жеңил атаандаш. Мен 50 миллион доллар тапсам дагы, бул пенсионерге абдан жакшы", - деген Мейвезер.
Бул эки мушкер 2017-жылдын август айында беттешип, анда Мейвезер онунчу бөлүктө Макгрегорду нокаутка учураткан.