"Кооптуу жерге сууга түшпө". Жалал-Абадда милиция кызматкерлери сууга чөгүп кетүү кырсыгын алдын алууга багытталган видео тартты

Жалал-Абад облусунун аймагында жарандарга сууга чөгүп кетүү кырсыгын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тиешелүү кызмат адамдары менен биргеликте шаар аймагындагы бассейндерди кыдырышты. Бассейндин терең жактарына өспүрүмдөрдү түшүрбөө, коопсуздук эрежелерин так сактоо зарылдыгы эскертилди.

"Ал эми Таш-Көмүр ШИИБинин кызматкерлери Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан “Бачок”, “Үч-Жаңгак”, “Салкын-Төр” сууга түшүүчү эс алуу жайларынын жана бассейндердин ээлерине коопсуздук чараларын күчөтүүнү эскертишти. Дарыя бойлой сууга түшүүгө кооптуу делген аймактарга эскертүү тактайчалары орнотулду.

Суу кырсыктарына бөгөт коюу максатында Майлуу-Суу ШИИБинин кызматкерлери шаар аймагын аралап өткөн дарыяга сууга түшкөндөргө жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, суу кырсыктарынан алыс болуу керектиги айтылууда", - деп жазылат билдирүүдө.

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери тарабынан сууга чөгүүлөрдүн алдын алууга багытталган видео даярдалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан