Бүгүн, 4-июнда Ош облусунун Ноокат районунда өлкөнүн Коргоо министрлигинин тик учагы кулаганы маалым болду. Аталган министрликтин маалымат кызматынан абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн МИ-8 МТ тик учагы конууга аргасыз болгонун билдирди.
"Учакта 10го жакын адам болгон, алдын ала маалыматтарга караганда, үч адам жеңил жаракат алды. Аларга зарыл болгон медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө", - дешти Куралдуу күчтөрдүн басма сөз кызматынан.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик чек арасына 2 тик учак бара жатканы, анын бири кулап тушкөнү маалым болду. Ош ОИИБинин маалымат кызматынан тик учактын кулашы шамалдан болушу мүмкүн экенин белгилешти.