Кечээ, 23-октябрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында эки кабаттуу турак үй өрттөндү. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-октябрда билдирди. Өрттүн кесепетинен үй толугу менен өрттөнгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып, келтирилген чыгымдар эсептелип жатат.