"Достук мамиледе болушкан". Бишкекте чаламандын чак түшүндө кыз ала качкан жигит достору менен кармалды

Бишкек шаарынын аймагында кыз ала качуу фактысы катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-июнда болжол менен саат 13:40тар чамасында "102" кызматына адам уурдоо фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн.

"Окуя Бишкек шаарынын Ленин районунда Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун жанында болгон. Анда Тойота үлгүсүндөгү унаага кызды күч менен салып, белгисиз тарапка из жашырып кеткен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Иликтөө жана издөө иш-чараларын тездетүү максатында "Перехват" операциясы киргизилип, натыйжада 14:30дар чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунан жогорудагы унаа кармалып, ичинде 1999-жылы туулган К.А. аттуу кыз болгону белгилүү болду.

Ошондой эле унаада 5 жигит болгон. Алар 24 жаштагы үйлөнө турган бала жана анын жанында 24-25 жаштардагы 4 досу болгон. Бардыгы Ысык-Көл облусунун тургундагы болушат. Кармалгандардын бардыгы Чүй ОИИББинин убактылуу кармоочу жайына камалып, кийин Ленин РИИБине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти облустук милициядан.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыз менен жигит достук мамиледе болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан