Бишкекте 18 жаштагы кызды күч колдонуп зордуктаган деп шектелген жигит кармалды
Бишкек шаарынын Дордой конушундагы 18 жаштагы Э.Д. аттуу кыз кечээ, 23-октябрда укук коргоо органына арыз менен кайрылган. Арызда, аны бейтааныш адам күч колдонуп зордуктаганын баяндаган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүү деп 23 жаштагы К.М. аттуу жаранды кармашты. Учурда тергөө иши башталды.