Тажикстан кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгаруу менен Кытайга коридор алат деген чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков билдирди.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары Тажикстан Чоң-Алай аркылуу Кытайга коридор алгысы келгенин жазышкан.
Медетбековдун айтымында, Тажикстандын биздин өлкөгө 1 чакырым кирип келгенин чагымчыл жана агрессивдүү деп баалоого болот. Анткени эки мамлекеттин ортосундагы такталбаган аймактарда толугу менен делимитациялоо жана деморкациялоо иштери бүтмөйүнчө киришпейбиз деген келишим бар.
Ал ошондой эле Тажикстандын күч түзүмдөрү биздин мамлекетти кылдаттык менен изилдеп байкоо жүргүзүп жатканын, бирок Чоң-Алай району аркылуу Кытайга коридор ала албасын айтты.
“Чоң-Алай аркылуу Кытайга коридор алгысы келгенин божомол катары гана карасак болот. Ал жерден эч кандай коридор ала албайт. Ал жердин рельефи жана башка шарттары боюнча Кыргыз өлкөсү аркылуу гана жол болушу мүмкүн. Бул эч бир деңгээлде чындыкка дал келбейт”, - деди Артур Медетбеков.
Ал эми чек ара маселесин чечүү үчүн эки өлкөнүн президенттери нейтралдуу аймакта жолугуп сүйлөшүүлөрдү өткөрүү керек экенине токтолду.
“Тилекке каршы, Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүнүн президенттеринин жолугушпай жатканы көптөгөн чагымчылдыкка алып келүүдө. Алматы, Нур-Султан же Ташкентте болобу ошол жерде жолугушуп, чек ара маселеси, соода-сатык, көзөмөл-өткөрүү бекеттерин ачуу боюнча сүйлөшүүсү керек. Андан кийин чек арага жакын жайгашкан аймактагы элдерди ынтымакка чакырып, чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечкенге аракет кылыш керек. Мындай кадамдар саясий жактан дагы, коомдук жактан дагы колдоо таап көп маселе чечилмек. Мындан сырткары, Орусия, Тажикстан, Кыргыз өлкөсүнүн жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мүчөлөрү жолугушуу өткөрсө бул өзүнүн жыйынтыгын берет", - деди УКМКнын башчысынын мурдагы орун басары.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында бүгүн, 4-июнда абал кайрадан чыңалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак айылында саат тажик тарап түнкү саат 03:00дө Кыргыз жергесинин аймагына кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын сүрөттөлө элек тилкесине контейнер коюшкан. Ал эми саат 06:00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алыстап кетишкен.