Казакстан парламентинин Мажилисинде "Казакстандын өкмөтү менен Тажикстандын өкмөтүнүн ортосундагы акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Казакстандын мыйзам долбоору каралат. Мындай маалымат Казакстандын өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, мыйзам кабыл алынса Казакстан Тажикстанга:
5,45 миллиметрлүү октон 3 миллион 240 даана;
- 23 миллиметрлүү патрон бөлүгү 200 миң 763 даана;
- 82 миллиметрлүү атуу, 10 миң даана.
Мындай мыйзам кечээ, 3-июнда кабыл алынган жана Мажилисте 17-июнда каралат.