Биз социалдык тармакта

"Камчыбек Ташиев коргойбуз, кеткиле деди" дейт Чоң-Алайдагы жергиликтүү тургун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алайдагы карылар менен балдарды аталган аймактан кетүүнү суранды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 71 жаштагы Шермамат Идирисов аттуу жергиликтүү тургун билдирди.

"Камчыбек Ташиев айылдагы карылар менен жаш балдарды, кыз-келиндерди айылдан кетип турууну суранды. Азыр элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көчүрүлүп жатат. Камчыбек Ташиев коргойбуз, кеткиле дептир. Мен бул жерден кетпейм, азыр үйдө жүрөм", - деди Шермамат Идирисов.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында бүгүн, 4-июнда абал кайрадан чыңалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак айылында тажик тарап түнкү саат 03:00дө Кыргыз жергесинин аймагына кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын сүрөттөлө элек тилкесине контейнер коюшкан. Ал эми саат 06:00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алыстап кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
кыргыз Алик
2021-06-04 21:36:47
Тажик тарапты да жазгылачы, эмне кылып атышат алар? Эвакуация кылышыппы Элин?
+8
Asmat84
2021-06-04 23:55:06
кыргыз Алик, өлүп кетишпейби тажиктерин
-1
Mirnar
2021-06-04 22:35:20
Тажиктер ажыдаардын куйругун тепселеп алганын билбей калды окшойт. Алайлыктар кыйын болот .
+12
marat-ju
2021-06-04 23:13:26
Алайым алтын бешигим. Тепсетпейм Алай эшигин. Буйруса Чоң Алай кичи Алай турат.
+11
Gulina90
2021-06-04 23:52:31
Туп тамырынар мн кырылып калгыла тажик иттер,Элди еыйнаган эшектер.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан