Чек ара: Чоң-Алайдагы эл каякка эвакуацияланууда? ӨКМнын жообу

Чоң-Алай районунун Тажикстан менен болгон чек арага жакын аймактарындагы айылдардын эли мектептерге, лицейге, мечиттерге эвакуацияланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ош облусунун Чоң-Алай районундагы түзүлгөн кырдаал боюнча башында туруп, эвакуация уюштуруу иштерин жеке көзөмөлүнө алып жүргүзүүдө. Учурда ӨКМ Ош облусунун Чоң-Алай районундагы түзүлгөн кырдаал боюнча Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди, Чулук жана Шибе айылдарынын тургундарын саат 19:30дан тартып, Дароот-Коргон айылындагы А.Сайит атындагы орто мектептин, А.Мурзакулов атындагы орто мектептин, №44 кесиптик лицейдин, Борбордук мечиттин имаратына эвакуациялап баштады.

Эвакуация иштерине ӨКМнын райондук бөлүмү, Чоң-Алай районунун жетекчилик курамы, көчүрүү комиссиясы жана жарандык коргонуу комиссиясы толук тартылды. КР ӨКМнын Чоң-Алай райондук бөлүмүнүн өздүк курамы жарандарды жайгаштыруу иштерин уюштурууда", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан сырткары ӨКМ гуманитардык жардам боюнча да иш-чараларын уюштуруп баштады. Бардык тургундарды жайгаштыруу иштери ӨКМ министринин тыкыр көзөмөлү алдында жүрүзүлүп турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zam81
2021-06-04 22:10:40
Кудай сактасын элимди тажиктерге да кудай бардыр бирди коргону калды
+12
Mital.89
2021-06-04 22:15:14
Булар бизди чалгытып жатат. Чондордун баары Алайда жургондо дагы Баткенден атака кылбаса болду
+16
Federik
2021-06-04 22:33:03
Мен тан калам,мнеге биздин эл эвакуацияланышы керек дагы,тажиктер тынч жашаш керек? Угроза болдубу чек арада,значит ордуна коюш керек тажиктерди.
+9
mira28
2021-06-04 23:38:56
Кыргызымдын жигиттерин кудайым колдосун.Дагы бир жолу кол салгыдай болсо энесин окутуп койуш керек бул шакалдардын.Суу журок кыргыздар бизден коркон бапеш точик деп озжорун баатыр сезип алды цыгандар.
+2
salimbek87.kg
2021-06-04 23:46:17
Мен жеке оюм маалымат чыгарбаш керек интернет сайттарга алардан бирда маалымат жок тажиктерден бизде баарын жар салып таштайт.не кылсакта чыгарбаш керек сайттарга жеке оюм менин
+11
AdylbekB84
2021-06-05 01:10:43
Мындай нерселерди интернетке чыгарып эмне табасыңар, тажиктер окоп казабы, элин чыгарабы тымызын бүтүрөт, Баткенде жаңжал башталаардан 1 жарым ай башталган экен даярданышып, биздикилер эмне кылса журналистерибиз дагы блогерлер дагы интернетке чыгарышка шашышат, чыгарбагыла! Ташиев баш болуп айтып отурат поезден алдың жүрүп Ворухту алмаштырып алабыз, элди эвакувациялайбыз деп, тажик немецтери тымызын игти кылып жатат!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан