Оштун "Алай" футболдук клубу тажикстандык коргоочу Ойбек Абдугафаров менен түзүлгөн келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына клубдун басма сөз кызматынан тастыктады.
"Ойбек Абдугафаровдун жана анын үй-бүлөсүнүн өтүнүчү боюнча, ошондой эле чек арадагы убактылуу чектөөлөрдү эске алып, "Алай" клубу оюнчу менен келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотууга макул болду.
⠀
Ойбекке мындан аркы футбол талаасында албан-албан ийгиликтерди каалайбыз жана кыргыз-тажик боордош элинин мамилеси тез арада калыбына келишин тилейбиз", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ойбек Абдугафаров "Алай" клубуна ушул жылдын январь айында кошулган.