Кытайдын Ганьсу провинциясында жүргүнчү ташыган поезд темир жол кызматкерлеринин тобун сүзүп кетип, андан 9 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, поезд Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун административдик борбору болгон Үрүмчү шаарынан Чжэцзян провинциясынын Ханчжоу шаарына бара жаткан.
Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.