Заманбап спорттун беш түрү боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды

31-майдан 2-июнга чейин Бишкек шаарында заманбап спорттун беш түрү боюнча Кыргыз Республикасынын ачык чемпионаты жыйынтыкталды. Чемпионатка Бишкек шаарынын олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринен барган жалпы 38 спортчу катышканын спорт агенттигинен кабарлашты.

Жеңүүчүлөрдүн жана байгелүү орундардын ээлери:
Кыз-келиндер арасында:
1-орун – Ганюкова Альбина;
2-орун – Исламова Дарья;
3-орун – Булыгина Елизавета.

Эркектер арасында:
1-орун – Хрипченко Радион;
2-орун – Айтимбетов Темирлан;
3-орун – Клюкин Руслан.

Командалык эсепте кыз-келиндер арасында:
1-орун – Ганюкова Альбина, Исламова Дарья, Булыгина Елизавета («Дельфин» спорт мектеби);
2-орун – Гончарова Евгения, Федоровских Елизавета, Безлуцкая Ангелина («Күлүк» спорт мектеби);
3-орун – Русланова Аяна, Черноволос София, Новикова Диана («Күлүк» спорт мектеби);

Командалык эсепте эркектер арасында:
1-орун – Хрипченко Радион, Айтимбетов Темирлан, Сингх Никита («Күлүк» спорт мектеби);
2-орун – Клюкин Руслан, Эркинбеков Атай, Капшук Анатолий («Дельфин» спорт мектеби);
3-орун – Ярцев Игорь, Азамат уулу Бекзат, Мягких Илья ( «Кулук» спорт мектеби);

Белгилей кетсек, мелдеш Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын заманбап спорттун беш түрү федерациясы тарабынан өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан