"Бычак менен коркуткан". Бишкекте тоноого шектелип 20 жаштагы жигит кармалды

Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июнь күнү Ленин райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 31-май күнү болжол менен саат 22:00 чамасында Чүй көчөсү менен Павлов көчөсүнүн кесилишинен арыз ээсин белгисиз жарандар бычак менен коркутуп, күч колдонуп Редми 7А үлгүсүндөгү телефонун тартып алганын жазган. Келтирилген чыгымдын баасы 14 миң сомду түзгөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене "тоноо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жогорудагы кылмыш ишине шектелип 2001-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кийин Ленин райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, СИЗО-1ге бир айга камакка алынган. Милициядан учурда тергөө иштери уланып жатканын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2021-06-05 11:03:47
Энендиэмгир Карбриолет эки жолу сузсо 2 саат уктагыдай турун бар экен кайсы акыбалына бычак которуп журосун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан