Чоң-Алайга бара жатып кырсыктаган тик учак. 14 адам жабыркап, бешөө күйүк алды

Ош облусунун Чоң-Алай районуна бара жатып кырсыктаган тик учактан жалпы 14 адам жабыркады. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бир бейтаптын абалы өтө оор, азырынча өзгөрүү жок.

"Ош облустук биргелешкен ооруканасына "Тез жардам" кызматы аркылуу 14 бейтап келип түшкөн. Анын ичинен ар кандай даражадагы күйүк алган беш бейтап күйүктөр бөлүмүнө, бир бейтап травматология, 3 бейтап нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылды. Жабыркагандардын биринин абалы өтө оор деп бааланса, дагы 4 бейтаптын абалы орто оордукта. Андан тышкары 4 бейтап канааттандырарлык абалда, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат.

Ал эми калган 5 бейтапка биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, аскердик госпиталга жөнөтүлдү", - дешти мекемеден.

Кечээ, 4-июнда Чоң-Алайдагы Кыргыз-Тажик чек арасына бара жаткан Коргоо министрлигинин МИ-8 МТ тик учагы авариялык конуу жасаганы айтылган. Ал эми Куралдуу күчтөрдүн абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнөн тик учак аргасыз конгондугун белгилеп, анда 10дой адам болгонун кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nazira...
2021-06-05 10:17:36
Түшунбөдүм дагы бирөө куладыбы ошондо?
0
portugalia
2021-06-05 10:25:27
Вертолеттор да эски,бузук болсо керек да.Мурунку иштеп кеткен бийликтегилердин жузу ушул
+1
tihonkg
2021-06-05 11:17:35
тушунбодунорбу асмандан тажиктер же башкасы атып салбасын деп айласыз конуп жатып авария болуптур
0
modem4999
2021-06-05 11:22:46
Мына биздин мамлекеттин акыбалы ушундай
0
bond02
2021-06-05 11:29:06
Уят эле болду да, жарым жолго жетпей кулап.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан