"Көп кабаттуу үйдө жашаган кошуналар мушташып кеткен". Бишкекте бейбаштыкка шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарында бейбаштыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-май күнү болжол менен саат 21:30 чамасында 102 кызматына 12-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кошуналар ортосунда уруш чыкканы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

"Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып маалыматты тактаганда, шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда аталган көп кабаттуу үйдүн жашоочусу, тагыраагы арыз ээси кошуналары менен уруша кетип, аны сабап кеткенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене "бейбаштык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Иликтөө жана издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмыш ишине шектелип 24 жана 29 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө уланууда", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2021-06-05 10:27:49
Чон Алайга апаргыла, мурдунан куртун түшурүп келишсин. Мушташканын көрөбүз ошол жерден.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан