Таласта 18 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү бала асынып алган. Ал 19 жаштагы Кара-Буура районунун Кара-Суу айылынын тургуну болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлеринин иш алып барууларынын негизинде, кылмышка шектүү табылып, кызматкерлер барган учурда ал асынып каза болгондугу аныкталган.
"Ал 2002-жылы туулган А.Т. аттуу Кара-Суу айылынын тургуну экендиги такталды. Андан тышкары Кара-Буура РИИБинин тергөө бөлүмүнө 18 жаштагы Р.Н. аттуу бала алып келинген. Анын аталган кылмышка канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендиги текшерилип жатат. Учурда тергөө жана иликтөө иштери уланууда", - деп билдиришти облустук милициядан.
Окуянын чоо-жайы:
4-июнда Таласта 18 жаштагы кыздын сөөгү унаадан табылганы маалым болгон. Окуя Кара-Буура районунун Жаңы-Жер айылында болгон. Ал жерде токтоп турган унаанын ичинен кыздын болжолдуу ок атуучу куралдан алган жаракаты менен жансыз денеси табылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "адам өлтүрүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Көп өтпөй кыздын өлүмүнө шектүү жаран асынган абалда табылган болчу.