Чек ара: "Даарот-Коргондон жылбай тургула". Чоң-Алайда эвакуацияланган тургундардын абалы туруктуу экени айтылды (сүрөт)

Чоң-Алай районунун эвакуацияланган тургундарынын абалы жакшы. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундар билдиришти.

"Бүгүн Дароот-Коргон айылынан жылбай тургула деген маалымат келди. Аял кишилер, жаш балдардын абалы жакшы. Көбү туугандарынын үйүндө жашап жатат. №44 кесиптик лицейде калгандарга ошол жерден тамак-аш берилип жатат. Кечээ келген бирин-серин эркектер бүгүн айылдарына кетишти", - деп билдирди Карамык айылынын тургуну.

Ал эми аталган аймактын медицина кызматкерлери эвакуацияланган тургундардын абалын көзөмөлдөп турушат. Медайым, айылдык депутат Сейликан Акылбекова учурда кош бойлуу аялдарды көзөмөлдөп жатышканын айтты.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында 4-июнда абал кайрадан чыңалган. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, тажик тарап түнкү саат 03:00дө Кыргыз жергесинин аймагына кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын сүрөттөлө элек тилкесине контейнер коюшкан.

Кырдаалга байланыштуу Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди, Чулук жана Шибе айылдарынын тургундары саат 19:30дан тартып Дароот-Коргон айылындагы А.Сайит атындагы орто мектептин, А.Мурзакулов атындагы орто мектептин, №44 кесиптик лицейдин, борбордук мечиттин имаратына эвакуациялана баштаган.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы азыркы учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан