Коопсуздук кеңешинин катчылыгы азыркы учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирет.
Маалым болгондой, аталган катчылык бул багытта тартылган күч органдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялоодо.
"Чек арадагы кырдаал көзөмөлдө, тартылган мамлекеттик органдар абалды күнү-түнү байкап турушат. Жарандардан келип жаткан көптөгөн кайрылууларга байланыштуу Коопсуздук кеңешинин катчылыгы учурда тынчсызданууга негиз жок экендигин баса белгилейт.
Түзүлгөн кырдаалды бир гана тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечүү боюнча иш-аракеттер улантылууда", - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.