"Кыргыз өлкөсү аркылуу жеткирилет". Тажикстан Казакстанга сугат суу бермей болду

Коңшу Тажикстан Бахри-Точик суу сактагычынан 315 миллион метр куб сугат суусун Казакстанга берет. Бул тууралуу Eurasia Net басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, мындай келишим Дүйшөмбү шаарында Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Магзум Мирзагалиев менен Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жума менен жолугушуусунан кийин кабыл алынган. Өз кезегинде Казакстан Тажикстанга суу сактагычтагы суунун азайышынан келип чыккан терс натыйжаларга материалдык-техникалык колдоо көрсөтөт.

"Суу Кыргыз өлкөсү аркылуу Казакстандын Түркстан жана Кызылорда облустарына жеткирилет", - деп жазылат Eurasia Net басылмасында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Dembele84
2021-06-05 20:03:54
А биздикилерден уруксат сурадыбы же козго илбей озунчо чечиштиби
+8
KUMKA
2021-06-05 20:30:05
Э кантип алып өтөт? Өзбекстан менен алып өтүшү мүмкүн дагы бир жолу тактагыла. Эл- жер көрбөгөндөр көп арабызда, отуруп алып жазып кое беришет. Логикаға туура келбейт. Труба аркылуу алып кетсе дагы билбедим, бирок ашып барбайт ал айтылған областка. Кичине картаны карап койгула.
+10
Nur-sultan
2021-06-06 16:02:11
KUMKA,азамат! Географиялык билимиң бар экен. Сендей адамдар көп болсо экен арабызда.
0
baisogur
2021-06-05 21:37:41
Супер адашты Тажиктер озбек аркылуу алып отуп берет казактарга
+8
al-abu-kinesz
2021-06-05 21:42:39
К.А.Н.Т.И.П???
+1
Usmanbekali
2021-06-05 22:12:12
Чоң күмөн жаратат экен...
+2
Jelezo
2021-06-05 22:24:45
Тажиктер сууну өзбектерге берсе керек,өзбектер казактарга.
+2
nazira...
2021-06-05 22:52:51
Эгерде биз аркылуу өтсө бизге акча төлөшөбү, мисалы кытайлар өзбөктөргө через нас темир жол алып өтөт, анан бизге акча төлөйт дешкен эле. Ал темир жолу токтоп калды окшойт.биз айткан акчага көнбөй. Булар деле төлөшсүн.
0
bond02
2021-06-05 23:51:08
Билбей эле макул деп коюпмун болду го биягы.
-2
souza.j
2021-06-05 23:52:20
Ошол каналдан нары дагы тажикстандыкы дей бер. Сука лолулор
0
Asmat84
2021-06-06 00:50:58
Сапсүм түшүнбөдүм 4 сыйра окудум
0
Abdyrashit.Satylganov
2021-06-06 01:30:49
TJK кантип Кыргызстан аркылуу KZ га суу алып өтөт? Географиялык жактан KZ га Кыргызстан аркылуу суу алып өтүү мүмкүн эмес. Ошондой эле Кызыл-ордо облусу Кыргызстан менен чектешпейт. Eurasia же Super адашты. Менин оюмча Тажикстандын Согд облусунан Өзбекстандын Ташкент облусу аркылуу Түркстан облусуна өтүшү мүмкүн.
+2
stal.ks
2021-06-06 02:14:52
Суу маселесин чечиш учун тажиктер контейнер койдубу чек арага кирип
0
кыргыз Алик
2021-06-06 03:10:30
Ошондо Кыргызстан проходной дворбу аларга? Биз тараптан ким уруксат бериптир,вообще сурашыппы уруксат?...
+2
Omyke
2021-06-06 11:09:28
Бечара эле болдукко бул жагы мындай темп менен кетсе Кыргызстан суверениттуулугун жоготчудай Акылга келип Биримдикте бололу Кыргыз элим.Ортого счет ачып акча чогултуш керек военной техника алганы.Омкотко опора болуп турганы убакыт келди.
+3
Kombi
2021-06-06 11:58:35
Omyke, ооба Военныйларга ото чон колдоо керек. Счет ачып эч бир чондор жебей турган. Оружиедрон алышкерек. Военийдеги чондору Отто корупционер.
+1
PROS
2021-06-07 09:08:39
"Кылымдын эң мыкты убадасы" деп койгула))) алып өтсө Өзбекстан аркылуу гана алып өтөт, тиги басылма өзбекстанды Кыргызстанга алмаштырып алган окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан