Өлкө башчы Садыр Жапаровдун туугандарынын атын жамынып, алдамчылык жол менен акча алып жүргөн шылуун кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымат таратты.
Билдирүүгө ылайык, Ш.Н.Р аттуу жаран президенттин жакын туугандарынын атын жамынып, Каракол шаарындагы мамлекеттик мекеменин башчысы К.Т.С. аттуу жарандан жумуш ордуңда калтырам деп 5 миң АКШ долларын жана 45 миң сом акчасын алып кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине 204-берене ("алдамчылык") менен катталып, шектүү 4-июнда кармалып, Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Буга чейин дагы президенттин атын жамынып акча талап кылып жүргөндөр УКМК тарабынан кармалган.