Чоң-Алайда кырсыкка учураган тик учак шамалга туруштук бере албай калган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.
"Биздин экинчи тик учагыбыз кырсыкка учурады. Биз эки тик учак менен жакшы эле келе жатканбыз. Тик учак жакшы эле артыбыздан учуп келе жаткан, кырсык деген ушундай экен. Мен ал тик учактын артыбыздан учуп келе жатканын бир-эки жолу көргөм. Бир кезде эле жок болуп кетти. Көрсө, эки тоонун ортосуна киргенде катуу шамал болуп, ага техниканын күчү жетпей, шамал сүрүп барып кулатып коюптур. Тик учактын кыймылдаткычынын күчү шамалга туруштук бере албай калыптыр", - деди Ташиев.
Кечээ, 4-июнда Чоң-Алайдагы Кыргыз-Тажик чек арасына бара жаткан Коргоо министрлигинин МИ-8 МТ тик учагы авариялык конуу жасаганы айтылган. Ал эми Куралдуу күчтөрдүн абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнөн тик учак аргасыз конгондугун белгилеп, андан 14 адам жабыркап, анын 5өө күйүк алган.