Футбол боюнча Европа чемпиондугунун башталарына саналуу гана күндөр калды. SUPER.KG порталы турнирге катыша турган Европанын мыкты 24 командасы менен тааныштырууну улантат. Бул ирет "Евро-2020" турнирине Орусия курамасынан кайсы футболчулар катышарын карап көрдүк.
Башкы машыктыруучу Станислав Черчесов улуттук курамга жалпы 26 футболчуну чакырган.
Дарбазачылар: 1. Антон Шунин («Динамо»), 12. Юрий Дюпин («Рубин»), 16. Матвей Сафонов («Краснодар»);
Коргоочулар: 14. Георгий Жикия («Спартак»), 2. Марио Фернандес, 3. Игорь Дивеев (экөө тең ЦСКА), 18. Юрий Жирков, 4. Вячеслав Караваев (экөө тең «Зенит»), 13. Федор Кудряшов («Антальяспор»), 5. Андрей Семенов («Ахмат»);
Жарым коргоочулар: 8. Дмитрий Баринов, 19. Рифат Жемалетдинов (экөө тең «Локомотив»), 26. Максим Мухин (ЦСКА), 17. Александр Головин («Монако»), 21. Даниил Фомин («Динамо»), 11. Роман Зобнин («Спартак»), 20. Алексей Ионов («Краснодар»), 23. Далер Кузяев, 24. Андрей Мостовой, 7. Магомед Оздоев (бардыгы «Зенит»), 25. Денис Макаров («Рубин»), 15. Алексей Миранчук («Аталанта»), 6. Денис Черышев («Валенсия»);
Чабуулчулар: 22. Артем Дзюба («Зенит»), 10. Антон Заболотный (ЦСКА), 9. Александр Соболев («Спартак»).
"Евро-2020" турнири 11-июндан 11-июлга чейин Европанын 11 шаарында өткөрүлөт. Орусия, Бельгия, Финляндия жана Дания менен "В" тайпасында жайгашкан.