Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын бир мүчөсү коронавирус инфекциясына шектелүүдө. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты.
"Осака шаарына келгенден тарта улуттук курама команданын бир мүчөсү коронавируска шектелгендиктен команда толук эмес курамда бир жолу машыгуу жасады", - деп жазылат билдирүүдө.
"Ак шумкарлар" Японияга 2-июнь күнү Бишкек-Дубай-Осака багыты боюнча учуп кетишкен. Улуттук курама эртең, 7-июнда Монголияга каршы оюн өткөрөт.