Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев тажикстандык мушкер менен боло турган беттеш үчүн 50 миң доллар сурады

Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев беттешке чакырган тажикстандык мушкер Умед Музофирбеков менен боло турган беттеш үчүн 50 миң доллар сурады. Бул тууралуу Дастан Шаршеев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирде айтты.

"Беттешке чакыргандан кийин алар мен айткан сунушка көнүшү керек. Тажик мушкери менен боло турган беттеш үчүн 50 миң АКШ долларын сурадым. Биз көчөдөгү бала эмеспиз да кел десе эле мушташа бергидей", - деди Шаршеев.

Буга чейин дагы Дастан Шаршеев Умед Музофирбековго беттеш качан болорун сурап, кайрылуу жасаган. Арадан көп убакыт өтпөй тажик мушкери ага жооп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bessmertiy
2021-06-06 14:57:34
100миң $ сура Дастан. Өзү чакырып тийишип алды. Тартынбай 100миң $ сура. Ошого татыктуусуң. Ийгилик!
+26
Gulina90
2021-06-06 16:39:11
Пачагын чыгарчы сасыктын.Андан көбуно татыктуусун
+21
Zumrudianka
2021-06-07 01:10:59
Аллахым Кыргызымдын жигиттерин башка олконун жигиттеринен бийик кой жендирбе
+5
ulanbek2000
2021-06-07 12:19:38
Ал тажик 50миң$ды өмүр бою иштеп дагы таппайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан