Кытай башка өлкөлөргө коронавирус пандемиясы үчүн кеминде 10 триллион доллар төлөп бериши керек. Бул тууралуу АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.
"Америка жана бүткүл дүйнө Кытайдан коронавирус боюнча отчёт берүүнү талап кыла турган мезгил келди. Биз 10 триллион долларды бир добуштан Кытай төлөшү керек деп жарыялашыбыз керек", - деген ал.
Трамп Кытайды коронавирустун жайылышына айыптоодо, расмий Пекин муну четке кагып, эпидемияны башка өлкөлөргө караганда жакшы жеңди деп ырастоодо.