Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри жана жубайы Меган Маркл кыздуу болушту. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка караганда, жаңы төрөлгөн ымыркайга Лилибет Диана деген ысым берилген.
"Лили 4-июнь күнү саат 11: 40та Санта Барбара, Калифорниядагы дарыгерлердин жана оорукананын кызматкерлеринин көзөмөлүндө жарык дүйнөгө келген. Учурда эне баланын абалы жакшы. Алар үйүнө чыгарылды", - деп жазылат маалыматта.