
Бишкекте жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 6-июнда Арча-Бешик конушундагы көчөлөрдүн биринде Жигули үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти.
Өрт саат 14:32де чектөөгө алынып, 14:37де толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.