Кыргыз өлкөсүнүн маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү куудул, сатирик Рахман Разыков дүйнө салды. Элди күлкүгө бөлөп, көптөгөн сатираларды, тамашаларды жараткан куудулду кесиптештери, замандаштары эскерет.
Союзбек Сейитказиев, куудул, шакирти: "Баарына бирдей мамиле кылып, ар кимдин өзүнүн деңгээлине түшүп сүйлөшө алчу".
"Рахман агай менен 2003-жылы таанышкам. Ошол күндөн ушул күнгө чейин жакшы мамиледе болуп келдик. Куудулдардын көзүрү эле. Өзүнчө бир кең дүйнө эле. Бүтүндөй бир ааламды кучагына сыйдырган жан дүйнөсү бар эле. Шайыр, токтоо, эч кимди капа кылбаган киши болчу. Чоң кишиби, жаш балабы, аксакалбы, селсаякпы баарына бирдей мамиле кылып, ар кимдин өзүнүн деңгээлине түшүп сүйлөшө алчу. Устат катары бизге сабырдуулукту, адамдарга туура мамиле кылганды үйрөттү. Акыркы жолу бир инибиздин концертинде жолукканбыз. 3 күн абалын сурап, телефон аркылуу сүйлөштүм. Ошондо кыйналып сүйлөп жатса да, "Сен сурагандан бери жакшымын" деп тамашалады эле", - деп эскерди шакирти Сейитказиев.
Гүлнара Кахарова, ырчы, кесиптеши: "Кайгырса да өзүнүн жүгүн башкаларга артпаган, тескерисинче жардам берүүгө шашкан адам болчу".
"Рахман аке менен 1991-жылы өнөр жолунда таанышканбыз. Чогуу иштештик, чогуу чай ичтик, чогуу сахнада жүрдүк. Азыр маанайым абдан жаман болуп турат. Жакшы көргөн, сыйлаган адамың эрте кетип калса оор сокку болот экен. Бул киши адамдын кадыр-баркын билген, жакшы жагын убагында айта билген, сонун касиеттерге ээ болчу.
Кайгырса да өзүнүн жүгүн башкаларга артпаган, тескерисинче жардам берүүгө шашкан адам болчу.
Азыр бирөөнүн эмес, өзүндүн балаңды тарбиялаш кыйын. Рахман аке канча деген балдарды тарбиялады, өстүрдү. Аларга жакшы сапаттары менен үлгү болду. Дагы да көптөгөн максаттарына жетпей калды. "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" деген наамды алганда, биздин үйгө конок болуп кеткен. Жаш баладай сүйүнүп, абдан кубанган", - деди кесиптеши Кахарова.
Борончу Кудайбергенов, куудул, кесиптеши: "Сатиралары, тамсилдери, китептери аны унуттурбайт".
"Көзү өткөн кишини билбесек деле жакшы деп мактай беребиз го. А Рахман болсо чындап жакшы деп айтууга татыктуу адам болчу. Пейили кенен, эч кимден эч нерсени аябаган, эч камырабаган, айкөл адам болчу. Канча адамдарга акылын, жөндөмүн, талантын берди. Бул кишинин сатираларын көп эле адам меники деп ойноп жүрөт. Ошондо да кызганбай, жөн гана күлүп коёт. Ошончолук жүрөгү кенен болчу. Кээ бирлер канчалык көз көрүнө душмандык кылып, жамандык кылса деле кайра жолукканда эч нерсе болбогондой сүйлөшүп кетчү. Жанындагылар "Рахман аке, кызык экенсиз, кечээ эле бул мындай кылды эле, андай кылды эле дешсе", "Койгулачы деп койчу". Бул жалган жашоодо бири-бирибизди сыйлап өтөлү деген адам болчу. Рахмандын чыгармалары, сатиралары ойнолуп жүрөт. Тарыхта унутулбай кала турган киши. Сатиралары, тамашалары, тамсилдери, китептери аны унуттурбайт", - деп эскерди Кудайбергенов.