Чүй облусунда өспүрүм бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 6-июнда Жайыл районунун Федоровка айылында Богдан суу сактагычына 2007-жылы туулган эркек бала түшүп кеткен.
Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Жайыл райондук ӨКБдан 10 куткаруучу тартылып, саат 19:57де маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.