
Бишкекте суудан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "102" кызматынан Биринчи Май районунун Коммунаров көчөсүндө Чоң Чүй каналында 40-50 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси сууда жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып жансыз денени суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.