Пакистанда эки поезддин кагылышуусунан 50дөн ашуун адам жаракат алды

Пакистандын түштүгүндө эки поезддин кагылышуусунан 50дөн ашуун адам жаракат алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Синд провинциясындагы Готки шаарына жакын темир жол бекеттеринин ортосунда эки тез жүрүүчү поезд кагылышкан. Темир жол кызматынын өкүлүнүн айтымында, поезддин бири жолдон чыгып, экинчи поездди сүзүп алган.

Жергиликтүү бийликтин өкүлү Усман Абдулла эки поезддин кагылышканын тастыктап, дагы бир нече адам урандылардын астында калганын кошумчалаган. Кагылышуунун натыйжасында болжол менен 14 унаа оодарылып кеткен, ал эми сегиз унаа толугу менен талкаланган.

"Окуя болгон жерге полиция кызматы жана куткаруучулар барып, кагылышуудан кийин аталган аймакта поезддер убактылуу токтотулду", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан