Таластагы 18 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү: Ал үй-бүлөдө 7 бир туугандын арасында жалгыз кыз болчу

Буга чейин Таласта 18 жаштагы кыздын сөөгү унаадан табылганы кабарланган. Киши колдуу каза болгон Нурайым Талипова быйыл 11-классты аяктап, борборго окууга тапшырууну пландап жаткан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына класс жетекчиси Гүлмира Чомошева айтып берди.

Мугалиминин айтымында, Нурайым көп сүйлөбөгөн жоош кыз болгон.

"Мен бул кызыма 5-классынан баштап сабак бергем. Кандай гана тапшырма болбосун орду менен так жасачу. Мен аны Нүкүш, Нүкүшбай деп эркелетип койчу элем. Майда оокаттарды дагы эринбей жасачу, гүл жасап бир нерселерди ойлой калат эле.

Башында жакшы бийлечү, кийин бийлебей калды. Сабактардан мурда аябай жакшы окучу кийин бир аз ылдыйлаганы эле болбосо, мектептен башка бир дагы эскертүү алган эмес. Тартиптүү жакшы кыздарымдын бири болчу.

Быйыл 11-классты бүтүп, кондитердик окууга тапшырам деп максат коюп жүргөн. Өзү дагы ушул нерсеге шыктуу эле, таттууларды жасап мага алып келип "эже, кандай болуптур?" деп берип калчу. Кулинарияга өтө шыктуу, жөндөмдүү болчу. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын арасынан жалгыз кыз болчу", - деп билдирди ал.

Окуянын чоо-жайы:

Кыздын сөөгү 4-июнда токтоп турган унаанын ичинен табылган. Текшерүү учурунда ал ушул айылдын 2003-жылы туулган тургуну экени жана ок атуучу куралдан жаракат алганы аныкталган.

Көп өтпөй кыздын өлүмүнө шектелип жаткан Кара-Суу айылынын 19 жаштагы тургуну асынган абалда табылган болчу.

Кылмышка катыштыгы бар деген шек менен 2003-жылы туулган Р.Н. аттуу дагы бир жаран Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "адам өлтүрүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан