- Бала менен кантип ынак дос боло алсак болот?
- Бала менен дос болгонго чейин биз, өзүбүз менен өзүбүз дос болгонду үйрөнүшүбүз керек. Дос деген мамилени баланын курагына жараша туура түшүнүп алуубуз зарыл. Мисалы, алты жаштагы бала менен дос болгондун кереги жок. Дос учуру өспүрүм чак учурунда көп кездешет. Анткени өспүрүм чакта балдар досторун алдыңкы орунга коюшат. Ошол учурда ата-энеде достордун сапаты болсо өтө жакшы болот жана дос деген бул бардык нерсеге уруксат берип, бардык нерсени колдой бергендик эмес. Балансты кармап, көп чектөөлөрдү киргизип эмес жана чектөөлөрдү такыр эле алып салбай ортону кармоо керек.
- Ата-энелерден жана мугалимдерден балдар кандай сапаттарды көргүсү келет?
- Биз бул боюнча мектептерде изилдөө жүргүзгөнбүз. Таң калычтуу жыйынтыктар чыккан. Анткени азыркы муундун балдары биринчи орунга акыйкаттуулукту коюшкан. Мугалимден акыйкаттыкты жана объективдүү кароону талап кылышкан. Мисалы, бул таанышымдын баласы ошон үчүн ага беш коюп жатам эмес, объективдүү, кылганына жараша акыйкаттуулук менен баалоону талап кылышкан.
- Балага көз карандысыздыкты кантип үйрөтүү керек жана аны бир нерсе жасоого мажбурлаш керекпи?
- Мажбурлап кыйноонун кереги жок. Бирок балага жаш курагына туура келгендей кылып жумуштарды берип аны үйрөтүш керек. Баланын ордуна баарын кылган жана балага бардык нерсени даярдап бергенге болбойт. Мисалы, беш жаштагы бала өзүнүн бөлмөсүндөгү чаңдарды сүртүп, гүлгө суу куя алганга алы келет. Же болбосо чай ичкен соң чынысын жууп коёт алат. Ошондой нерселерди баланын ордуна кыла калбай балага үйрөтүшүбүз керек. Мен эмгек терапиясына дайыма кошулам. Бирок мунун дагы чектөөлөрү бар. Көбүнчө үйдө ата-энелер улуу балдарына кичүү балдарын каратып коюшканын көрөм. Бул 10-15 мүнөттүк же бир сааттык кароо эмес, бир күн кечке же 5-6 саат каратып коёт. Мен буга каршымын жана туура эмес деп ойлойм. Анткени ал дагы бала жана балдарды кароого милдеттүү эмес. Улуу балага эрте эле ата-эненин ролун берүүгө шашпаңыз.
- Психологиялык тажрыйбаңызга таянсак, ата-энелер балдарын тарбиялоодо кандай каталарды көп кетиришет?
- Бул суроону окуганда биринчи эле оюма келгени бул ата-эне өзү кичинекей кезинде албай калган нерселерди, өзүнүн бөксөргөн жерин бала аркылуу толуктагысы келет. Бул чоң ката. Мен болбой калган адам сен бол, мен албаганды сен ал, мен көрбөгөндү сен көр деп баланын каалоосу, шыгы жок болсо деле, жасагысы келбесе деле аны кыйнай беришет. Мисалы, атасы футболчу болбой калдыбы жок эми балам сөзсүз түрдө болот деп баласын футболго берип кыйнап баштайт. Ал эми бала, балким, сүрөт тарткысы келет.
Дагы бир каталардын бири - бул салыштыруу. Азыркы балдарды башка бирөө менен миллионер болобу, президент болобу ага салыштыруунун кереги жок. Бул муундун психологиясы өзгөчө болгондуктан салыштырууну кабыл алышпайт. Булардын салыштырчу адамы - өзүнүн кечээгиси. Андан кийинкиси үй-бүлөлүк конфликтерде баланы аралаштырып алгандыгы. Баланы бир манипуляциялык курал катары колдонгону - бул өтө чоң каталардын бири. Мисалы, балам болбосо мен кетип калмакмын же балам болбосо биз ажырашып кетмекпиз деп баланы курал катары колдонушат, бул туура эмес.
- Ата-эне менен байланышууга болгон муктаждыгын канааттандыруу үчүн балага күнүнө канча убакыт бөлүш керек?
- Мен негизи убакыттын санына эмес, сапатына көңүл бурмакмын. Мисалы, бала менен 30 мүнөт жакын эмоционалдык мамиледе сонун сүйлөшүп койсо болот. Бирок кээ бир ата-энелерди билем 24 саат, 7 күн баланын жанында жүрүп, бирок ушунчалык алыс болушат. Сөзсүз түрдө баланын жанында болуу, керектүү учурларда аны колдоо жана эмне гана болбосун бала ата-энесине кайрылып келүүсү бул деген кандай гана абал болбосун биринчи кезекте бара турган жери бул ата-энеси болуш керек. Ата-энесинен коркпош керек.
Андан сырткары балам үчүн, келечеги үчүн деп мигрант болуп баладан алыс болуунун кереги жок. Балага ата-эненин материалдык жагы эмес, эмоционалдык жагы, жанында болуу өтө маанилүү. Бирок жанында дегенде 24 саат баланын жанында отуруп алуу эмес, инсан катары өз жумуштарыңыз менен алектениңиз, бирок балага керектүү учурларда анын жанында болуп, колдоп кеткендей болуңуз.
- Ата-энелерге балдар психологу бере турган негизги кеңеш кайсы?
- Учурда балага бай ата-эненин кереги жок. Балага инсан катары бактылуу болгон ата-эне керек. Технология заманына байланыштуу азыркы балдар көп нерсени билишет, көп нерсени сезип турушат, ошол эле учурда ата-энелер бул кичинекей, эч нерсени түшүнбөйт деген дагы болбойт. Алар бардыгын түшүнүшөт. Жана бала менен сүйлөшкүлө. Сүйлөшкүлө дегенде бүгүн эмне кылдың, эмне жедиң деген сурак сыяктуу эмес жөн гана баарлашып көргүлө. Маанайың кандай, күнүң кандай өттү деген сыяктуу жөнөкөй суроолордон баштап андан сырткары өзүңүз жөнүндө да айтып берүүнү унутпаңыз. Балдарды бактылуу инсан кылып чоңойтконго аракет кылуу - бул өзүнө жаккан нерселерди кылганды, жок деп айтканга үйрөткөндү, өзүнүн чектерин, мейкиндигин билгенди үйрөтүү.
- Кызыктуу жана пайдалуу маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.