Бүгүн, 7-июнда футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Япониянын Осака шаарында Монголия курамасына каршы беттеш өткөрүүдө.
Кыргыз курама командасынын дарбазасын коргоочу Айзар Акматов коргоодо, айрым маалыматтарга караганда башка 3 дарбазачы тең коронавируска шектелип жаткандыктан улам оюнга чыккан эмес.
Оюндун 1-бөлүгү аягына чыгып калган учурда Кыргыз оюнчусу Кайрат Жыргалбек уулу Монголиянын мыкты, күчтүү делген оюнчусу Оюунбаатар Мижиддорждун жаракат алуусуна себепчи болду. Ага бул үчүн сары айып кагазы көрсөтүлдү.