Элмирбек Иманалиев аттуу жаш төкмө акынды өнөр баалаган адамдардын көбү билет. Ал төрөлгөндө ысымын ата-энеси жакшы тилек кылып, уулубуз залкар таланттай болсо деген тилек менен койгонун айтат. Сөзгө чебер жаш төкмө акын бизге устаты, өзү тууралуу маек куруп берди.
"Мен үй-бүлөдө жалгыз уулмун. Мындан улам устатым "Элмирчик, колуңдан келсе эрте үйлөн, сен ата-энеңдин жалгызысың" деп көп айтчу. Азыр жашым 18де, Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайда музыка жаатында билим алып жатам. Буюрса, 2 жылдын ичинде үй-бүлө курсам деген жакшы ниетим бар. Учурда жүрөгүм бош эмес десем дагы болот. Анан төкмөлүк өнөрүмдү өстүрүп, устатымдын ишке ашпай калган ойлорун ишке ашырсак деген жакшы ойлорубуз бар", - дейт Иманалиев.