Бүгүн, 7-июнда футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Япониянын Осака шаарында Монголия курамасына каршы беттеш өткөрүүдө.
Кыргыз курама командасынын дарбазасын коргоочу Айзар Акматов коргоодо, айрым маалыматтарга караганда башка 3 дарбазачы тең коронавируска шектелип жаткандыктан улам оюнга чыккан эмес. Оюндун 2-бөлүгү жарымына жетип калганына карабастан Кыргыз курамасы эсеп санын ача элек.
Кыргыз курамасы оюндун көп бөлүгүн атаандашынын талаасында өткөрүп, көп учурда бурчтан чыгарып берүү абалы орун алганы менен, бир да мүмкүнчүлүктү колдоно албай жаткандай сезилүүдө.
Буга чейин Кыргыз курамасынын машыктыруучусу Александр Крестинин Японияда курама команда толук эмес курам менен бир гана жолу машыгуу өткөргөнүн айтып, өзүнүн нааразычылыгын билдирген. Буга себеп команданын оюнчуларынын биринде коронавирус бар деген шек саноо жаралган.
Айта кетсек, ФИФАнын акыркы жарыялаган рейтингине ылайык, Монголия курамасы 190-орунда турат, ал эми Кыргыз курамасы 98-орунда.