Бүгүн, 7-июнда футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Япониянын Осака шаарында Монголия курамасына каршы беттеши өттү.
Кыргыз курама командасынын дарбазасын коргоочу Айзар Акматов коргоодо, айрым маалыматтарга караганда башка 3 дарбазачы тең коронавируска шектелип жаткандыктан улам оюнга чыккан эмес.
Оюнда жалгыз голду Монгол курама командасынын оюнчусу Оюунбаатар Мижиддорждун киргизди.
Айта кетсек, ФИФАнын акыркы жарыялаган рейтингине ылайык, Монголия курамасы 190-орунда турат, ал эми Кыргыз курамасы 98-орунда.