Самат Исабеков Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Экономика жана финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп Самат Исабеков дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Бүгүн, 7-июнда бажы кызматынын өздүк курамына Исабеков тааныштырылды.

"Самат Исабеков 1996-жылдан ушул күнгө чейин бажы органдарында иштеп, ар кандай ыкчам кызматтарда, анын ичинде жетекчилик кызматтарда иштеген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Invests
2021-06-07 21:55:27
Йаман майлуу жерге отуруптур ама.
0
Tursunbaev1978
2021-06-07 22:56:12
Будуший Самат миллион,көз караш жутам дейтко
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан